Президенттин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун апрель окуясы боюнча айыпталган Жылдызбек Кенжебаев менен Амантай Сейталиевге катаал чечим чыгарылган деп эсептейт. “Эгерде сот буларды төрт жылга эркинен ажыратса, эмне үчүн ошол эле Өмүрбек Суваналиевди, Феликс Куловду жоопко тартпайт? Тескерисинче, алардын кээ бирөөнө кызмат орун сунушталды”,-деп билдирди “Азаттыкка” укук коргоочу. Анын айтымында, мындай чечим менен азыркы бийлик олуттуу ката жасап, жаңылыш багыт алды. Турсунбек Акун жетектеген комиссия бул ишти өз көзөмөлүнө алмакчы. Кечээ Биринчи май райондук соту Жылдызбек Кенжебаев менен Амантай Сейталиевди 4 жылга күчөтүлгөн режимге эркинен ажыраткан чечимин чыгарды. Буга чейин прокурор аларды үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратууну суранган. (ZMa)