Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:41

13:30 А.Турдукулов: 19-апрель митингиси боюнча сот эки адамга адилетсиз чечим чыгарды


Бул тууралуу билдирүү тараткан Социал-демократиялык партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, үстүбүздөгү жылдын 19-апрелинде Бишкекте “Бириккен фронт” өткөргөн митингдин катышуучулары Жылдызбек Кенжебаев менен Амантай Сейталиевге сот адилетсиз чечим чыгарды деп эсептейт. Бийликтин иргеп жазага тартып, эскертүүсү сот системасына элдин ишенбөөсүн дагы күчөтөт, деп айтылат билдирүүдө. Турдукулов Бишкек шаардык сотко кайрылуу менен Кенжебаевди жана Сейталиевди бошотуу аракеттерин көрүү зарылдыгын белгилеген. Кечээ 22-октябрда Биринчи май райондук соту митингде массалык баш аламандыкты уюштурган делип айып тагылган 25 жаштагы Жылдызбек Кенжебаев менен 40 жаштагы Амантай Сейталиевди 4 жылга күчөтүлгөн режимге эркинен ажыраткан чечимин чыгарган. Буга чейин прокурор аларды үч жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратууну суранган. (AJ)

XS
SM
MD
LG