Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

16:59 Президент Курманбек Бакиев «Дордой-Динамо» футболдук командасынын оюнчуларын кабыл алды


Президент «Дордой» командасынын футболчуларын Азия футболдук конфедерациясынын кубогу үчүн болгон мелдеште чемпион болгон жетишкендиги менен куттуктады. «Силер эки жыл катары менен Азия Футболдук Конфедерациясынын Кубогун жеңип алдыңыздар. Силер менен бүтүндөй өлкөбүз сыймыктанат жана көңүл толкуткан оюнуңар, жогорку кесипкөйлүгүңөр жана жеңишке болгон умтулууңар үчүн ыраазы»,- деди Курманбек Бакиев. Мамлекет башчы Кыргызстандын футбол боюнча командасынын жакында эле Иорданиянын курама командасынын үстүнөн болгон жеңишине токтолуп, бул окуяны Кыргызстанда спорттун туруктуу өнүгүп бараткан белгиси катарында айта кетти. Президент «Дордой-Динамо» командасынын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытовго «Даңк» медалын, футболдук клубдун чыгаан чабуулчулары Замирбек Жумагуловго, Азамат Ишенбаевге жана дарбазачы Валерий Кашубага Президенттин Ардак Грамотасын тапшырды. «Дордой-Динамо» футболдук клубунун президенти Аскар Салымбеков дагы бул иш чарага кошо катышты. (KCh)

XS
SM
MD
LG