ТАЛАС. Жыйында партиянын мүчөлөрү конституциялык шайлоодогу кемчиликтер жана президент парламентти өз мөөнөтүндө таркатпаганы тууралу сын-пикирлерди айтышты. Жыйында дагы жакында Бишкекте өтүүчү “Ата мекен” партиянын курултайына барууга 40 делегат шайланды. Партиянын лидерлеринин бири Акмат Дооронбековдун “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча облуста 332 “Ата мекен” партиясынын мүчөсү бар. Жыйынды аталган партиянын Талас боюнча координатору Касый Раимкул уулу алып барды. (UA)