Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

8:23 Бүгүн Бишкекте БУУнун колдоосунда жакырчылыкты жоюу боюнча форум өтөт


Бул иш-чара Жакырчылыкты жоюу боюнча эл аралык жумалыктын алкагында өткөрүлөт. Анын жүрүшүндө, жакырчылыкты жоюуга багытталган программалар, долбоорлор талкууланары күтүлүүдө. Форумга эл аралык донор уюмдардын, министрликтердин жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Статистикага ылайык, өлкөдө жакырчылыктын көрсөткүчү 39.9 пайызды түзөт. Өзгөчө бул аялдар, балдар жана жаштар арасында байкалат. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгү тараткан билдирүүдө айтылат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG