Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:20

8:32 Аксылыктар сот өкүмү менен макул эмес


Аксы окуясы боюнча Бишкек гарнизондук аскер сотунун чечимине аксылыктар макул эмес жана аны кайра карап чыгуу арызы менен сот уюмдарына кайрылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Аксы окуясынан жабырлангандардын адвокаты Сартпай Жайчыбеков маалымдады. Анын айтымында, жабырлануучулар соттун кечээги өкүмүн жокко чыгаруу талабы менен он күндүн ичинде арыз жолдошот. Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын пикиринде, Аксы окуясы боюнча сот чечими адилетсиз жана чыныгы күнөөкөрлөр жазаландырылбастан, тескерисинче, эркиндикке чыгарылды. “Бул Аксы окуясына юридикалык баа берилсин деген максат менен гана бийлик өкүлдөрүнүн жасаган иши”,-деди А. Абдирасулова. (ZMa)

XS
SM
MD
LG