Орусиянын “Сова” аналитикалык-маалымат агенттиги кабарлагандай, кечээ Москва шаардык соту үч такырбашты Азербайжан жана Кыргызстандын жараанына кол салып, Кыргызстандын бир жараанын өлтүргөндүгү үчүн жоопко тарты. Такырбаштар 10-октябрь, 2006-жылы Москванын “Чертановская” станциясынын тушунан улуттук ураан чакырып, кыргыз жараанына кырк эки жолу бычак урушкан. Ал эми дагы бир кыргыз жараанын кемсинтүү максаты менен катуу ур-токмокко алышып, алардан көз каранды эмес себептерден улам кылмыш аягына чыкпай калган. Соттун чыгарган өкүмүнө ылайык, такырбаш Сергей Беряков он төрт жылга, жашы он сегизге чыга элек кылмышкер тогуз жылга, ал эми С. Ушаков үч жылга эркинен ажыратылышты. (ESu)
12:30 Москва шаардык соту Кыргызстандык жарандын өлүмүнө себепкер болгон үч такырбашка өкүм чыгарды