Бишкекте өтүп жаткан форумда Кыргызстандагы эң көйгөйлүү маселелердин бири жакырчылык , аны жоюу багытындагы долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. БУУнун өкүлү Мира Жангарачева Кыргызстан жаратылыш байлыктарына бай өлкө экенин, бирок жергиликтүү калк аны иштетип, сарамжалдуу пайдаланууга даяр болбой жатканын белгиледи. Ал эми ишкерлер клубунун жетекчиси Эмил Үмөталиев болсо Кыргызстандагы БУУнун өкүлчүлүгүндө жергиликтүү тургундардын кызматта иштөөсү “өз көмөчтөрүнө күл тартып кетүү” менен чектелип, карапайым калктын катмарына БУУнун жардамдары толук жетпей калууда, деген пикирде. Статистикалык маалыматка караганда Кыргызстанда 2006-жылы жакырчылыктын көрсөткүчү 39,9 пайызды түзгөн. (AJ)