Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

17:00 К. Бакиев: Кыргызстанда Француз инвесторлорун кызыктыра турган тармактар көп


Президент Курманбек Бакиев Франциянын тышкы иштер министри Жак Форду кабыл алып, быйылкы жылы Француз республикасы менен дипломаттык байланыштардын түзүлгөнүнө он беш жыл толоорун белгиледи. “Учурда Кыргыз-Француз мамилелери маданий-гуманитардык жана билим берүү чөйрөсүндө жандуу өнүгүп жатат. Эми биз экономика жаатында да кызматташууну күчөтүүгө кызыкдарбыз”, - деди президент. Ал эми Француз элчиси Жак Фор өз кезегинде Оганстанда террорчулукка каршы операцияга тартылган Франциянын аскердик континентине Кыргызстан көрсөтүп жаткан колдоосуна ыраазычылыгын билдирди. “Келээрки жылдын экинчи жарымында Францияга боло турчу сиздин иш сапарыңыз биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташтыкты кеңейтүүгө жана тереңдетүүгө жаңы дем берээрине ишенебиз”, - деп жооп кайтарды Француз элчиси Ж. Фор. (ESu)

XS
SM
MD
LG