Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

8:35 Ошто журналист Алишер Саипов өлтүрүлдү


Кечээ кечинде Оштогу Кыргызстан көчөсүндө автоунаадан белгисиз адамдар Саиповго үч ок атып өлтүрүп кетти. Ошол учурда Саиповдун жанында болгон саясат таануучу Икбол Мирсаитовдун айтымында, кылмышкерлер аны дагы бутага алган, бирок Мирсаитовго ок тийген эмес. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Рустам Мырзаматовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, түнү менен окуянын күбөлөрү суралып, “Сиёсат” гезитинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүлгөн жана шектүү кишилер менен унааларды кармоо боюнча операция өткөрүлүп жатат. Фергана.ру маалымат агенттигинин мурдагы кабарчысы, соңку кездерде Ошто өзбек тилинде “Сиёсат” гезитин чыгарып жаткан Алишер Саиповду жакындан тааныгандар анын өлүмүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып жатышат. Батыл журналисттик иликтөөлөрү менен коомчулуктун оозуна алынып калган А. Саипов мурда “Америка добушу”, Эркин Европа/Азаттык үналгысынын орус кызматында дагы кабарчы болуп эмгектенген. Алишер Саипов болгону 26 жашта болчу. (ZMa)

XS
SM
MD
LG