Күздүк буудайды себүү жергиликтүү райондук администрацияларга жүктөлдү. Айыл чарба министрлигине дан чарбаларын кредитөө үчүн элиталык жана суперэлиталык сорттордогу 597 тонна буудай камсыз кылуу, финансы министрлигине - 2008-жылкы түшүмдү мамлекет тарабынан сатып алуу механизмин иштеп чыгуу тапшырылды. Республикада бир нече айдан бери өкүм сүрүп жаткан “нан кризисине” эгин айдоо аянттарынын кескин кыскарганы себеп болгон. (JTo)