Аталган клуб тарабынан бүгүн президент Курманбек Бакиевге жолдонгон кайрылууда: “21-октябрда өткөн Референдум жана ага коюлган баш мыйзам менен шайлоо кодекс долбоолорунун сапаты бийлик демократиялык принциптеринен чегинип, авторитаризмди күчөтүүгө багыт алганын көрсөттү”, - деп жазылган. Аялдардын саясий клубу президентке өлкөдөгү саясий кырдаалды жакшыртуу үчүн Конституцияга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Маселен, өзгөртүлгөн баш мыйзамдын 2-статьясына “Бийликти ээлеп алуу - өтө оор кылмыш болуп саналат”,- деген формулировканы кайтаруу, ал эми 5-статьядан “Жер байлыктары жеке менчикте боло алат”, - деген сөздөрдү алып салуу сунушталууда. (JTo)
14:18 Аялдардын саясий клубу президентке Конституцияга өзгөрүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо