Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:23

14:42 Саясий партиялар документтерди өткөрүү боюнча БШКда тоскоолдуктарга кабылууда


«Ата мекен» социалисттик партиясынын мүчөсү Элегия Мусаеванын «Азаттыкка» билдиргенине караганда, бүгүн саат он бирден бери «Атамекен», «Жаңы Кыргызстан», «Замандаш», «Эл мурас» өңдүү саясий партиялар документтерин өткөрө албай жатышат. Элегия Мусаева «БШКда саясий партиялардын документтерин кабыл алуу боюнча атайын комиссия иштеген жери жок, чогулуштарга шылтоолоп, күттүрүп жатышат» деп билдирди. Анын айтымында, «Ата мекендин» документтерин карап чыккан кызматкер жаңы Шайлоо кодексинде жок документти талап кылды. БШК кечээ тараткан маалыматка караганда, парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар тиешелүү документтерин үч күндүн ичинде тапшыруусу зарыл.(BuS)

XS
SM
MD
LG