Маалымат каражаттарынын Ош ресурстук борбору бүгүн тараткан билдирүүдө журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу абдан терең тынчсыздануу айтылат. «Биз кесиптешибизди анын кесиптик ишмердиги үчүн өлтүрүштү деген ишенимдебиз, ошондуктан дыкат иликтөөнү жана бул кылмышка катышы бар адамдарды жазалоону талап кылабыз», деп айтылат билдирүүдө. (KCh)