Делегацияны Санкт-Петербургдун мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы Вадим Тюльпанов жетектейт. Өз сапары учурунда делегация Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Валентин Власов менен жолугушуп, Канттагы аба базага болуп, аскерлерге гуманитардык жүк тапшырмакчы. Бул тууралуу аталган элчиликтин басма сөз кызматынан кабарланды. (ZMa)