Экс-депутат Азимбек Бекназаров жетектеген “Асаба” партиясы бул маселени бүгүн саясий кеңештин кезектеги отурумунда карайт. Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” маалымдашынча, учурда бир катар партиялар биригүү ниети менен “Асаба” партиясына кайрылып жатат. “Эгерде шарты туура келсе, биздин партиянын эшиги бардыгы үчүн ачык”,-деди А. Бекназаров. “Асаба” партиясы эртең курултай өткөрүп, анда партия мүчөлөрүнүн тизмеси аныкталат. (ZMa)