Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

8:48 Бүгүн ИИМдин алдында журналист Алишер Саиповдун элесине арналган митинг өтөт


Бул иш-чараны “Журналисттер” коомдук бирикмеси жана “Медиа өкүл” институту уюштурууда. Аталган институттун директору Илим Карыпбековдун “Азаттыкка” маалымдашынча, митингдин катышуучулары Саиповду өлтүргөндөрдү тез арада табууну жана башка журналисттердин коопсуздугун камсыздоону талап кылат. 24-октябрда Фергана.ру маалымат агенттигинин мурдагы кабарчысы, соңку кездерде Ошто өзбек тилинде “Сиёсат” гезитин чыгарып жаткан Алишер Саиповду белгисиз адамдар атып өлтүрүп кетишкен. Саиповду жакындан тааныгандар анын өлүмүн кесиптик ишмердиги менен байланыштырып жатышат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG