"Атамекен" партиянын облустук бөлүмүнүн башчысы Мейликан Эмилбаеванын «Азаттыктын» кабарчысына билдиргенине караганда,партиянын мүчөлөрү облустук конференция өткөрүү үчүн кафе менен алдын ала макулдашууга ылайык чогулушкан. Бирок, кафе ээлери күрөө төлөнгөн эмес деп, «атамекенчилерге» уруксат бербей жатышат. Буга чейин партиянын облустук бөлүмү Филармониядан жана облустук китепканадан жай сурап, уруксат ала алган эмес. Муну партиянын облустук лидерлери бийликтин бут тосуусу катары баалап жатышат. Алардын айтымында, имарат табылбаса «Атамекен» партиясы облустук конференциясын ачык асман алдындагы башка жерде же облустук мамлекеттик администрациянын имаратынын жанында өткөрүшү мүмкүн.(BuS)