Кытайдагы Бээжин университетинде өткөн төртүнчү эл аралык фестивалга кырктан ашык өлкөдөн өкүлдөр катышты. Кыргызстанга арналган жарманке тактаны аталган университте окуган кыргыз студенттери жасалгалап, жаратылыш, айыл турмушу, улуттук маданият, каада-салттагы өзгөчөлүктөр чагылдырылган сүрөттөр, музыкалык аспаптар, улуттук адеми буюмдар жана кыргыз даамдары коюлган. Кыргыз өлкөсүнө ашкере кызыккандарга салттуу ыр-күүлөр, өлкө тууралуу маалыматтар жазылган компакт-дисктер берилген. ТИМдин билдиришинче көптөрдүн көөнү комузга бурулуп, кызыгуу жараткан. (EBM)