Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:47

11:57 Сулайман Кайыпов: Айтикеевди университетке чакырган эмесмин


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору Сулайман Кайыпов «Азаттык» үналгысынын суроосуна жооп берип жатып, апрель митингисине катышкан «Канжар» жаштар уюмунун лидери Адилет Айтикеевди өзүнүн иш бөлмөсүнө чакырбаганын, аны кармап кетердин алдында телефон менен сүйлөшпөгөнүн, УКМКнын кызматкерлери менен эч кандай байланышпаганын, «сүйлөшүптүр, чакырыптыр» деген сыяктуу маалыматтар жалган экендигин билдирди. Анын айтымында, Адилет Айтикеев окууларына жетишпей, көп сабактарга катышпай койгондуктан университеттен чыгарылган. Жаңы окуу жылында ал Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти катары катталган эмес. «Айтикеевди биздин университетке кирип келатканда кармашыптыр, анын эмнеге, кимге келгенин билбейм»,- дейт Сулайман Кайыпов. (IJz)

XS
SM
MD
LG