Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:38

12:43 УТРКнын байкоочу кенешинин мүчөлөрү президентке кайрылганы жатышат


Алар – Гүлнара Ибраева, Нурия Иманкулова, Елвира Сариева, Сапар Орозбаков, Исмаилжан Шайбеков, Мыктыбек Өмүрзаков. Бул тууралуу алар тараткан билдирүүдө айтылат. Билдирүүдө белгиленгенге караганда бүгүн байкоочу кеңеш кезектеги жыйынын өткөрдү. Алар УТРКнын маалыматтарды калыс чагылдыруу боюнча редакциялык саясатын иштеп чыгууну башкы маселе деп эсептешүүдө. Ошондой эле алар байкоочу кеңештен чыгып кеткен мүчөлөрдүн ордуна алардын милдетин аткаруучуларды жиберүүнү сурап кат жолдогону жатышат. Кечээ байкоочу кеңештен Автандил Арабаев, Керим Турапов, Бакыт Орунбеков, Рыскулбек Жумабаев, Алтын Асанова, Бактыбек Максутов, Гүлмира Артыкбаева, Аскар Медетов чыгып кетишкенин маалымдашкан. 15 кишиден турган байкоочу кеңеш Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган. (BuS)

XS
SM
MD
LG