Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

16:50 Мелис Эшимканов: Оппозиция да, бийлиги да эфирге чыкканга бирдей укукта болот


«Мен ал позицияман жанбайм. Мен Курманбек Салиевичке да айттым. Оппозициясы болобу, бийлиги болобу, кайсыл күчтөр болсо дагы баардыгы эфирге чыгыш үчүн тең укукта болуш керек. Башка маселе – телевидениеге чыгып алып, кечээ Топчуке чыккандагыдай тантырап уят сөздөрдү сүйлөбөш керек»,-деп билдирди Мелис Эшимканов «Азаттыкка». УТРКнын жетекчилик кызматын ага сунуш кылган себеби, М. Эшимкановдун өзүнүн айтымында, президент анын оппозицияда, саясатта идеологиялык башкы күч экенин көрүп туруп ушундай чечимге барды. «Акаевдин убагында эле он жыл мурда эле концепция жазгам, КТРди кантип оңдош жөнүндө. Ошол колуна тийген экен бир жарым жыл мурда. Анан ошону Мелис жазды десе таң калган экен, «ушундай да болот турбайбы, оңдосо болот турбайбы» деп. Бир чети ал киши аябай эле тобокелге барып жатат. чакчелекей болуп кетпейби, жаман ишке айлантып жибербейбизби деген тобокелчилик бар. Ошонун бардыгына карабай бул киши өзүнүн Жарлыгын чыгарды»,- дейтМелис Эшимканов. (KCh)

XS
SM
MD
LG