Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:55

20:54 Баткенде “Атамекен” социалисттик партиясынын облустук конференциясы болду


“Атамекен” партиясынын облустук конференциясын музыкалык театрда жана Октябрь кино театрында өткөрүүгө жергиликтүү бийлик уруксат бербей койду. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган партиянын төрагасынын орун басары Ташболот Балтабаев маалым кылды. Партиянын жыйыны Баткен шаарынын чет жакасында орун алган ашканада өтүп, анда негизинен референдум ачык фальсификация менен уюшканы кабыл алынган жаңы Конституциядагы кен байлыктарды жана жер, суу ресурстарын менчиктештирилиши тууралуу өзгөртүүлөргө нааразылык пикирлер айтылды. (SA)

XS
SM
MD
LG