Жанкечти жардырууну өлкөнүн түштүк –чыгышындагы Пактика провинциясында, америкалык аскерий базанын бет маңдайында жардырган. Провинция губернаторунун айтымында, жардырууну жасаган жанкечти ооган улуттук армиясынын формасын кийип алган экен. Жардыруудан аскерий базада иштеген дагы төрт адам жаракат алды.