Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:02

15:32 Бийлик оппозициячыл партияларды шайлоого өткөрбөө үчүн тоскоолдуктарды ойлоп табышууда


Мындай билдирүүнү бүгүн “Ата Мекен” партиясы таратты. Аталган партиянын мүчөсү Элегия Мусаева “Азаттыкка” билдирдиргенине караганда бут тосуу фактылары акыркы күндөрү көп байкалууда. Партиянын тараткан билдирүүсүндө: «Ата Мекен» партиясынын Ошто өтө турган жыйынына жергиликтүү бийлик ээлери жай бөлүп берүүгө негизсиз уруксат берген эмес. Нарын жергесиндеги партиялаштар менен жолугушуудан кийин кайтып келе жатканда, «атамекенчилердин» лидерлеринин үшүн алуу максатында милициянын атайы кызматы аларды жолдон тосуп, асманга ок атып алардын жардамчыларын ур-токмокко алышкан. Буга чейин да партиянын мүчөлөрүнө карата укук коргоо органдары тарабынан күч колдонуу фактылары белгиленген. Тиешелүү органдарга кайрылуу эч кандай натыйжа берген эмес. Анысы аз келгенсип өлкөдөгү ишкерлер акционердик коомдордун жетекчилери өкмөт үйүнө чакыртылып «Ак жол» бийлик партиясына «өз эрки» менен киргенге мажбурланып жатат. Жогоруда айтылгандын негизинде социалисттик «Ата Мекен» партиясы жакында өтө турган парламенттик шайлоонун таза жана мыйзамдуу өтүшү, референдумдай жасалма өтөөрүн күтүү менен бирге, бул көрүнүштөр 2005-жалдын жазгы окуяларына окшош экенин эскертет”,- деп айтылган. (ESu)

XS
SM
MD
LG