Шайлоодо жеңип чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору деп эсептелген үч талапкердин экөөсү аялдар. Алардын бири - өлкөнүн азыркы президентинин жубайы, "Жеңиш үчүн фронт" деп аталган кыймылдын өкүлү, сенатор Кристина Фернандес де Киршнер. Экинчиси Элиса Каррио, кезинде сулуулук боюнча сынактардын жеңүүчүсү болгон, солчул –борборчул маанайдагы "Жарандык коалиция" кыймылынын өкүлү. Биринчи айлампада эле жеңишке жетишүү үчүн талапкерлер шайлоочулардын кеминде 45% добушун алышы керек.