Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:23

8:41 Журналист Алишер Саиповдун атып өлтүрүлүшүнө Өзбекстандын атайын кызматтарынын тиешеси болушу ыктымал


Мындай пикирди Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу билдиргенин «Фергана. Ру» сайты жазып чыкты. Алишер Саипов 24-октябрда Ош шаарында атып өлтүрүлгөн эле. Бул окуяны тергөөнү өз көзөмөлүнө алганын Ош облусунун губернатору билдирген, андан кийин президент Курманбек Бакиев Ошко президенттик администрациянын коопсуздук жана коргонуу боюнча бөлүм башчысы Өмүрбек Суваналиевди тергөөнү көзөмөлдөө үчүн берген. Алишер Саипов «Сиесат» гезитинин редактору эле. Ал гезитте Өзбекстандагы абал сынга алынып келген. (AiT)

XS
SM
MD
LG