Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

10:46 Ошто Кыргыз-өзбек университетинин деканынын орун басары пара алып жаткан жеринен кармалды


Ош шаарынын ИИБнын кызматтык кылмыш менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери 27-октябрда кыргыз-өзбек универститетинин деканынын орун басары М.Жолдошевди 32-жаштагы Н. Хужамбердиевадан 3 миң сом өлчөмүндөгү пара алып жаткан жеринен кармашкандыгы тууралуу маалыматты ИИМ басма-сөз кызматы тараткан. Бул маалымат боюнча кыргыз-өзбек универститетинин ректору Анвар Ишимжановго кайрылганыбызда, ал "Азаттыкка" аталган окуу жайда М. Жолдошев аттуу кызматкер иштебестигин айтты. Ал эми ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Бакыт Сейитов окуу жайдын кызматкери кармалгандыгын тастыктады. Ош шаардык ИИБнүн басма-сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков кабарлагандай, бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат. MSu)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG