Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:39

15:35 Кардиология жана терапия Улуттук борбордун жетекчиси М. Миррахимов кызматынан бошотулду


Ушундай буйрукка бүгүн саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Туйгунаалы Абдраимов кол койду. Такталбаган маалыматтар боюнча, академик М. Миррахимовду ээлеген кызматынан бошотууга аудиторлордун борбордо жүргүзгөн текшерүүлөрүнүн жыйынтыгы себеп болду. Борбордун ишмердүүлүгүндө олуттуу каржылык тартип бузуулар табылгандыгы айтылууда. Саламаттык сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, борбордун жетекчисинин милдетин убактылуу Айнагүл Жумагулова аткарат. Ал буга чейин борбордун директорунун орун басары болуп иштеп келген.(MSu)

XS
SM
MD
LG