Аталган жаштар уюмунун бүгүн тараткан билдирүүсүндө демократиялык өлкөдө атуулдук позициясы үчүн адамдар куугунтук жебеш керектиги айтылган. Мурунку оппозиция лидери “Өмүрбек Субаналиев анын жаш тарапкерлери камалып жатканда президент администрациясынын күч бөлүмүн жетектөөгө моралдык акысы жок” экени баса белгиленген. Жаш саясатчылар эгерде апрель митингисине катышкан жаштарды куугунтуктап, камоолор токтотулбаса нааразылык иш-чараларды өткөрүүгө даярдыгын билдиришти. (EBM)