“Эркин Муун” менен “Юстиц-кыймылы” жаштар уюмдарынын бүгүнкү президентке кайрылуусунда Адилет Айтикеевдин апрелдеги жүрүм-турумунда олуттуу деле кылмыш болбогондугу айтылган. Бул Айтикеевдей эле массалык баш аламандыкты уюштурган деген айып тагылган оппозициялык Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиев азыр акталып, акталмак түгүл Акүйдө чоң кызматты ээлеп отурганы менен негизделген. Жаштар мамлекет башчынын көсөмдүгүнө ишенээрин билдиришип, "Канжар" жаштар уюмунун лидери Адилет Айтикеевдин тагдырына күч органдары тарабынан балта чабылышына, атуулдук жана саясий укуктардын чектелишине жол бербөөсүн президент Курманбек Бакиевден суранышкан. (EBM)