Шаардык кеңештин айрым депутаттары кеңештин төрайымын кайра шайлоо демилгесин көтөрүп, кол топтоо аракеттерин көрүп жатышкандыгы тууралуу маалымат тараган. Ушуга байланыштуу шаардык кеңештин төрайымы Н. Байболовага кайрылганыбызда: «Эң аянычтуусу мени кызматтан алуу үчүн мамлекеттеги болгон аппараттын бардыгы иштеп жаткандай сезилет. Анткени бизде иштеген депуттардын ага-тууганы, кесиптештери, дегеле ким ушул кишилерди тааныган болсо, ошолор аркылуу кысым көрсөтүлүп жатат. Кандайдыр бир кайрылууга кол койдуруп жатышат. Мага 1937-жыл келип калгандай сезилип жатат. Мындай ыкмалар менен биз жаман көрүп, катуу нааразы болгон Акаевдин режиминде да жок болчу», - деп "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып айтты. Н.Байболованын белгилешинче, бул- алдыда боло турган шайлоодо оппозициянын өкүлдөрү болгон адамдар ушундай шаардык деңгээлдеги трибунадан кетиши керек деген максатта жасалууда. (MSu)