Бул туралуу “Азаттыкка” билдирген Баш прокурордун орун басары Кубан Асангелдиевдин айтымында, 2006-жылы декабрда Кыргызстандын атуулу Александр Ивановду Манас авиабазасында атып өлтүргөн АКШнын жоокери Закари Хэтфилд боюнча америкалыктар өздөрү жүргүзгөн тергөө иштеринин жыйынтыгын укук коргоо органдарына бере элек. “ 29-октябрда тергөөнүн жыйынтыгын сурап Тышкы иштер министрлиги аркылуу АКШ элчилигине кат жөнөттүк. Буга чейин бир нече ирет суроо салдык. Бирок АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен алигиче жооп жок”,-дейт Баш прокурордун орун басары. (AJ)