Жергиликтүү тургундар Социал-демократтар партиясынын лидери Алмаз Атамбаевди таш менен урду деген айып коюлуп, соттолуп жаткан атуулдарды өкмөт башчы кечирип, айыптар толугу менен моюндарынан алынсын деп талап кылышууда. Бул маалыматты “Азаттыкка” Жерүй алтын кенинин жабылышын талап кылып, соттолуп жаткандардын бири укук коргоочу Арзыкан Момунтаева билдирди. Анын айтымында, Атамбаев жогоруда аталган маселени тез арада чечпесе ушундай эле демилге башка райондордун жашоочуларынан да келип жатат деп айтууда. (UA)