Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:05

18:56 Милиция бирөөнүн топозун аткан Борис Полуэктовду кармады


Милиция кызматкерлери УКМКнын жетекчисинин мурдагы орун басары, генерал-майор Борис Полуэктовду бирөөнүн топозун атып, «Мицубиси-Паджеро» унаасына салып кетип бараткан жеринен кармашты. Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө Бакыт Асанакунов аттуу адам арыз менен кайрылып, анын топозун европалык типтеги эки адам мылтык менен атып, союп алып В 00 45 N номурлуу джип унаасына салып кетишкенин айткан. Жергиликтүү тургундардын жардамы менен кармалган адамдардын унаасын жетип келген милиция текшере келгенде бир канча мылтык, топоздун эти, териси, башы чыккан. Мурдагы коопсуздук кызматкери Борис Полуэктовдун жанында Борис Матвеев аттуу адам болгон. Милиция кызматкерлеринин суроосуна ал УКМКда иштей турганын айткан. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

XS
SM
MD
LG