Укук коргоочулардын айтымында, быйыл өлкөдө сталиндик ири репрессиялар башталганына 70 толду. 1937-38-жылдары бир жарым миллиондон ашуун адам камакка алынып, кийинчерээк алардын дээрлик жарымы атылган. Орус президенти Владимир Путин бүгүн бул күндүн урматына Москва алдындагы Бутово деген жерде болду. Бул Путиндин репрессия курмандыктарын эскерүүгө биринчи ирээт катышуусу. 1937-38-жылдары НКВДнын Бутоводо жайгашкан полигонунда сталиндик террордун 20 миңден ашуун курмандыгы атылган.
Улан Эшматов, Прага
Улан Эшматов, Прага