Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Тегеранда Иран менен МАГАТЭнин ортосундагы сүйлөшүүлөр уланууда


Бул чечүүчү сүйлөшүүлөрдө Ирандын соңку кездердеги өзөктүк ишине байланышкан суроолор такталат деген үмүт бар. МАГАТЭнин баш директору Мохаммед эл-Барадейи кечээ Ирандын сүйлөшүүгө дилгирлиги жакшы кадам, бирок маанилүүсү кызматташттык экенин белгиледи. Бул аралыкта АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Залмай Халилзад Иран Коопсуздук кеңеши талап кылгандай, уран байытуу ишин токтоторунун эч кандай белгиси жок экенин билдирди. АКШ менен Франция ошондой эле Мохаммед эл –Барадейинин МАГАТЭде Иран өзөктүк курал жасоого аракеттенип жатканын эч кандай далили жок деген билдирүүсүнө макул болушкан жок.

XS
SM
MD
LG