Курултай Бишкектеги Вэфа соода борборунда өткөрүлөт. Оппозиция лидери Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө караганда, партиянын курултайында өлкөдөгү кырдаал талкууланып, 16-декабрдагы парламенттик шайлоого «Атамекен» партиясынын аты менен баруучу 100 талапкердин тизмеси жарыяланат. Оппозиция лидери бийлик азыртан эле шайлоо мыйзамдарын бузууга барып жатканын айтып, мисал катары президенттин Алатоо аянтындагы концерттеги сөзүн келтирди. (AiT)