Шейшемби күнү ал Тегеранда Иран президенти Махмуд Ахмединежад менен Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр өткөрдү. Сергей Лавровдун ошондой эле Ирандын тышкы иштер министри Манчухер Моттаки менен жолугушуусу белгиленген. АКШнын Иранга карата жаңы санкцияларын президент Владимир Путин сынга алгандан кийин Сергей Лавров капысынан Иранга келип, анын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр өткөрүүдө.