Бишкек шаар кеңешинин кезексиз сессиясы Н. Байболованы шаар кеңешинин төрайымы кызматынан бошотуу жөнүндө маселе карап жаткан. Ошондуктан А. Абдрасулова, Т. Исмаилова баш болгон укук коргоочулар шаар кеңешинин сессиясына байкоо салганы барышкан. Сессия жабык өтүп жатат деген негизде милиция кызматкерлери капыстан келген укук коргоочулардын колун бурап, мэриянын имаратынан чыгарып салышты. (KCh)
12:44 Бишкек шаар кеңешинин кезексиз сессиясына барган укук коргоочулардын колун бурап кууп чыгышты