Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

20:00 Чүйдөгү айрым бейөкмөт уюмдар эч бир партияга кошулбастыгын билдиришти


Бул туурасында «Болуш» ассоциациянын жетекчиси Сапар Аргынбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында Чүйдөгү бир катар бейөкмөт уюмдар эч бир партияга кошулбастан, шайлоого байкоочу катары гана катышат. «21- октябрь күнү өткөн референдумда бийлик өзүнүн административдик ресурстарын колдонуп, арбын мыйзам бузууларга барды. Бул шайлоодо да андай болушу толук мүмкүн. Учурда бир катар бейөкмөт уюмдардын лидерлери жогорудагыдай мыйзам бузууларга карата юридикалык чара колдонуу жолун иштеп чыгууда»,- дейт С. Аргынбаев. Ал эми кечээ бул демилгени колдогон «Таза табият» коомдук уюмунун жетекчиси Анара Дауталиева референдумдагы мыйзам бузууларга байланыштуу сотко арыз жолдоду. (JJ)

XS
SM
MD
LG