Конференция 2-3-ноябрда Тажикстандын борборунда болуп, анда регионалдык соода, транспорт багытында кызматташуу маселеси талкууланат. Кыргыз делегациясын транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Нурлан Сулайманкулов жетектеери кабарланууда. Азия банкы «Борбор Азия регионалдык кызматташуу» программасын турмушка ашырууда.Конференциянын алдында Азия өнүктүрүү банкынын президенти Харукико Хурода Бишкекке келип, 31-октябрда президент Курманбек Бакиев менен жолугушту. Бул сапардын алкагында ошондой эле Азия банкы менен Кыргызстан Сарыташ-Карамык жолун оңдоо боюнча макулдашууга кол койду. (AiT)