Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:00

9:56 10-ноябрга белгиленген Кыргызстан журналисттеринин курултайы белгисиз мөөнөткө жылдырылды


Бул тууралуу “Медиа өкүл институтунун” директору Илим Карыпбеков кабарлады. Анын айтымында, курултайдын жылдырылышы каржы маселесине байланыштуу. “Иш-чарага каражат бөлүп бере турган “Сорос-Кыргызстан” фондусунда азыр аудиторлук текшерүүлөр жүрүүдө”, - дейт Илим Карыпбеков. Журналисттердин курултайын өткөрүү демилгесин “Журналисттер” бирикмеси, Маалымат укуктук борбору, “Медиа өкүл институту” жана “Сорос-Кыргызстан” фондусу көтөрүп чыгышкан. 3 айдан бери жер-жерлерде аймактык журналисттердин форумдары өткөрүлгөн. Ошол эле кезде журналисттер, юристтер жана укук коргоочулар тарабынан журналисттердин этикалык Кодекси иштелип чыккан. Документ 10-ноябрда, Кыргызстан журналисттеринин курултайында коомчулукка сунушталмак болчу. (JTo)

XS
SM
MD
LG