Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:15

11:18 Адвокат Айжан Касымалиева тыңчылык боюнча айыпталып жаткан журналисттин кызыкчылыгын коргоодон баш тартты


Башка мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн тыңчылык кылган деген шек менен кармалып, УКМКнын тергөө абагында отурган парламенттин басма сөз кызматынын өкүлү Жыпар Арыкованын адвокаты мунун себебин анын экинчи адвокаты Нина Зотова кадыр-баркына шек келтиргени менен түшүндүрдү. Айжан Касымалиева «Нина Зотова «Дело №» гезитине берген маегинде Нина Зотова мени керектүү иштерди жасаган эмес, учурунда сотко тиешелүү өтүнүч жолдогон эмес деп, менин кадыр-баркыма, ишкердик беделиме доо кетирди, ошондуктан бул ишти эми анын өзүнө калтырдым» дейт. Ал ошондой эле башынан бери бул иште Жыпар Арыкованын кызыкчылыгын канчалык коргогонун, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сотко бир эмес, үч өтүнүч жолдогонун коомчулук жакшы билээрин кошумчалады. Жыпар Арыковага байланышкан ишти Биринчи май райондук соту ушул айда карашы күтүлүүдө.(SM)

XS
SM
MD
LG