2-ноябрда Ташкентте өтө турган жыйынга Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Кытай жана Орусиянын өкмөт башчылары, Шанхай кызматташтык уюмунун баш катчысы Рашид Нургалиев жана уюмдун антитеррордук комитетинин жетекчиси Мырзакан Субановдор катышат. Жыйында ШКУга мүчө мамлекет башчылары уюм алкагында соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташууну кеңейтүү максатында кабыл алган чечимдердин аткарылышы тууралуу докладдар окулуп, мындан аркы кызматташуу тууралуу бирдиктүү коммюниккеге кол коюлат. Өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаев Ташкентке эртең таңы менен учуп барып, жалпы жыйындан мурун Өзбекстан жана Казакстандын өкмөт башчылары менен өз ара жолугушмакчы. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын башчысы Роза Даудова кабарлады. (JTo)
14:26 Эртең Ташкентте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жолугушат