ЖАЛАЛАБАТ. Облустун электр жарыгы үчүн болгон дебитордук карызы былтыркы 9 айга салыштырганда 20 пайызга өсүп кеткен же карыздын өлчөмү 216 млн. сомдон аша чапты. Кымбатчылыктын айынан элдин көбчүлүгү карызын төлөй албай келүүдө. Жыл башынан бери облус калкынын жарык акы карыздары 53 пайызга өсүп, анын деңгээли 130,8 млн. сомго жетти. (YA)