Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Ооганстанда маалыматтарга караганда, талибдер ээлеген аймак кайра алынды


Ооган жана НАТО аскерлери өлкөнүн түштүгүндөгү Кандагар шаарынын жанында талиб согушкерлери ушул апта башында ээлеп алган районду алардан тартып алды. Бул тууралуу бүгүн Кандагардын губернатору Ассадулла Халид билдирди. Анын айтымында, соңку үч күндөн бери Аргандаб деген район үчүн урушта Талибандын 50дөн ашуун согушкери жок кылынды. Ооган жана НАТО аскерлери азыр калган 200дөн ашуун согушкердин артынан сая түшүүдө. Ооган расмий өкүлдөрү кечээ алар курчоого алынганын маалымдашкан. Кечээ кечтен тарта Кандагардын жанындагы Аргандаб районунда уруш токтогонун, жергиликтүү тургундар үйүнө кайта баштаганын бүгүн бизге "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун ооган кызматынын бүгүн ушул аймакка барган кабарчысы Жавед Ахмад Вафада да маалымдады.

XS
SM
MD
LG