Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

ТҮШТҮКТӨ АЖЫГА АВТОУНАА МЕНЕН АЛПАРАБЫЗ ДЕГЕНДЕР ЧЫГУУДА


Республикалык штабдын ажыга алпаруу баасын кымбат деп жарыялап, Ош облусунун бир катар район-шаарларында арзан баа менен ажыга алпаруу демилгесин көтөргөндөр чыгууда. Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу өкүлчүлүгү аларды тартипке чакыруу талабы менен укук коргоо органдарына кайрылды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик деректиринин Оштогу кеңешчиси Шамшибек Закировдун айтуусу боюнча, түштүктө ажыга алпаруу жагдайында талаш-тартыштар жаралууда.

Айрыкча өткөн жылкы ажылык сапардан кайтып келатканда болгон автокырсыкты, анда жыйырма эки адамдын көз жумушун эске алуу менен быйыл ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб зыяратчыларды Кыргызстандан Саударабиянын Медина, Жидда шаарларына учак менен түз алып баруу жагын мерчемдеген эле.

Шамшибек Закиров жогоруда аталган Кыргыз өкмөтүнүн токтому менен келишимди көзгө илбестен, өз алдынча ажыга алпаруу аракетин көрүп жаткандардын айрымдарынын атын да атады.

Анан Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу өкүлчүлүгү өз алдынча ажыга алпаруучуларды тартипке чакыруу талабы менен укук коргоо органдарына кайрылууга аргасыз болушкан.

1995-жылдан бери ажы башчылык кызмат аткарып келаткан Кудайберди Эргашев – Ноокат районунун тургуну. Кыргызстандан ажыларды учак менен гана алпаруу жөнүндөгү 2005-жылкы токтомго карабастан ал өткөн жылы да кыргызстандыктарды автотранспорт менен Казакстан аркылуу ажыга алпарып келиптир жана быйыл дагы ошол аракетин көрүп жатыптыр. Кудайберди Эргашев ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабдын зыяратчыларды 1800 доллар төлөтүп учак менен ажыга алпарып келүүсүн, биринчиден, кымбат, экинчиден, кары адамдарды учак менен алпаруу опурталдуу деп эсептейт.

Бура тартып өз алдынча ажыга алпаруу маселеси Кыргыз өкмөтүнүн деңгээлинде чукул арада бир талкууланбаса болбойт деген пикирлер арбып барат.
XS
SM
MD
LG