Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

17:40 Ташкентте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жыйыны өттү


Анда уюмдун алкагында соода-экономикалык жана маданий багыттагы кызматташуу маселелери каралды. Жыйынга Кыргызстандан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Алмазбек Атамбаев да катышып, сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө ШКУдагы Кыргызстандын кызыкчылыгы экономикалык карым-катышка байланышканын, уюмдун алкагындагы кызматташтыкты толук өнүктүрүү үчүн жасалма чектөөлөр алынууга жана соода-экономикалык өз ара аракетти кеңейтүүгө жолтоо болгон тоскоолдуктар четтетилүүгө тиийштигин белгиледи. Бул жыйындын алкагында Алмазбек Атамбаев ошондой эле орус, казак жана өзбек өкмөт башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Анда тараптар эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматашттыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.(SM)

XS
SM
MD
LG