Журналист, ар кандай коомдук-саясий-социалдык окуяларга өзүнчө көз карашы бар инсан Жаныбек Жанызак сынагын Валентин сүйүү күнүнө карата кыргыз жаш таланттары арасында өткөрмөкчү. Жаштык, сүйүү жана анын оң-тетири жактарына арналган аңгемелер он беттен кем эмес жана отуз беттен ашпай, сөзсүз түрдө кыргыз тилинде Интернетте Дизель форумунда жарыяланышы керек. Бул чыгармалар соңунда иргелип топтолуп китеп болуп басылып чыкмакчы. Жеңүүчүлөргө баалуу байгелер да берилет. (EBM)